Песков:«Ушундай чектөөлөрдүн бардыгы биздин жаман мамилелерибизге дагы чоң зыян келтирүүдө»

Россияда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков,борбор калаа Москвада журналисттерге маалымат берди.

1594334
Песков:«Ушундай чектөөлөрдүн бардыгы биздин жаман мамилелерибизге дагы чоң зыян келтирүүдө»

Россияда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШнын жана Европа Биримдигинин (ЕБ) Россиянын оппозициясы Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камакка алынганы үчүн АКШ жана ЕБнин  өлкөсүнө каршы санкциялары кабыл алынгыс экендигин билдирди.

Песков борбор калаа Москвада журналисттерге берген маалыматында, АКШ жана ЕБнин Орусия жарандарына жана уюмдарына каршы санкция чечимине сереп салды.

Санкциялардын кабыл алынгыс экендигин белгилеген Песков: «Ушундай чектөөлөрдүн бардыгы биздин жаман мамилелерибизге дагы чоң зыян келтирүүдө»,-деп айтты.

Бул санкциялардын Орусиянын ички иштерине кийлигишүү болгонуна көңүл бурган Песков, санкцияларга жооп кайтаруу принцибине ылайык жооп беришерин айтты.

Песков, санкциялардын себебинен АКШ жана ЕБ менен байланышты үзгүсү келбей тургандыгын билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШнын (АКШ) орус оппозициячылы Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камакка алынышы боюнча Россияга каршы санкцияларына жооп кайтаруу принцибине ылайык жооп бере тургандыгын билдирген болчу.

Захарова өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ бийлигинин санкция чечимдери менен «Европа Биримдиги (ЕБ) менен дуэт кылып Москваны жазалоо үчүн Орусияга каршы душмандык чабуулу жасады» деп билдирди.

Захарова Ак үй тышкы душмандын имиджин өнүктүрүүгө аракет кылып жатат жана өзүнүн ички көйгөйлөрү менен алектенбей жаткандыгын жүйө келтирди.

санкциялардын себеби катары Алексей Навальныйдын аскердик химиялык деп аталган заттар менен ууландырылганын «абсурд» деп мүнөздөгөн Захарова: «Мунун бардыгы биздин ички иштерибизге ачык кийлигишүүнү улантууга шылтоо болуп саналат. Биз буга чыдайбыз деген оюбуз жок. Биз жооп кайтаруу принцибине ылайык реакция жасайбыз»,деген сөздөрдү колдонгон.

Россияга санкциялар же башка кысымдар аркылуу кандайдыр бир нерсени таңуулоого негизделген эсептер мурунтан эле ийгиликсиз болуп келгендигин белгилеген Захарова: «Америкалык санкцияларга карабастан, биз ар кандай агрессияга каршы туруу менен улуттук кызыкчылыктарыбызды ырааттуу жана чечкиндүү коргой беребиз. Биз (АКШлык) кесиптештерибизди от менен ойнобоого чакырабыз»,-деп өз серебин салды.

АКШ орусиялык оппонент Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камакка алынышы үчүн Орусиядан келген 7 аткаминерге жана 14 уюмга санкция жарыялоону чечти.

ЕБ тарабынан да Навальныйдын камакка алынгандыгына байланыштуу, Орусиянын 4 кызматкерине карата санкциялык чечим күчүнө кирген.



Тектеш кабарлар