Ирандын президенти Хасан Рухани өзөктүк келишим тууралуу маалымат берди

Ирандын президенти Хасан Рухани өзөктүк келишим тууралуу олуттуу бир эрк бар болсо бул жуманын ичинде жыйынтыктын чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

1594242
Ирандын президенти Хасан Рухани өзөктүк келишим  тууралуу маалымат берди

 Ирандын президенти Хасан Рухани өзөктүк келишим тууралуу олуттуу бир эрк бар болсо бул жуманын ичинде жыйынтыктын чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

Борбор шаар Тегеранда болгон министрлер кеңешинин жыйынынан кийин маалымат берген Рухани АКШнын Иранга карата санкциялары жана өзөктүк келишим тууралуу баа берди.

Израилдин АКШнын мурунку президенти Дональд Трампты жаңылткандыгын жана жаңылыш багыттагандыгын жактаган Рухани Жо Байден бийлигинин мурунку өкмөттүн жаңылыштыктарын оңдошу керектигин белгиледи. Рухани : «АКШда жаңы өкмөт менен метод бир аз өзгөрдү. Мурунку бийликтин жаңылыштыгын моюнга алышты.  Бир  нече практикалык кадамдарды жасап, мурунку бийликтин Бириккен Улуттар Уюмуна берген сунушун артка кайтарышты. Бирок биздин негизги маселебиз санкциялардын жоюлушу жана бул тууралуу АКШнын олуттуу бир кадам таштаганын көргөн жокпуз»,- деп билдирди.

Санкциялардын жоюлушу жана өзөктүк келишимдин толук аткарылышы оңой жана өтө татаал экендигин айткан Рухани: "Эгерде 7 мамлекетте олуттуу эрк болсо, айрыкча АКШ менен Иранда,  бул өлкөлөр бардык убадаларын аткара турган болушса  жана АКШ санкцияларды жойсо, Иран да өз убадасын аткарат. Бул оңой эле иш,   эки күндө аткарылат. Эгер олуттуу эрк болсо, жыйынтык ушул жуманын ичинде чыгат" ,- деди.



Тектеш кабарлар