ЙПГ / ППК Франциянын депутаттарына Сириядагы Хол лагерине кирүүгө уруксат берген жок

Франциянын солчул депутаттары Фредерик Дюма, Хюберт Жюльен-Лаферриере, Сильви Гийом жана Моун Сатуринин биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1594177
ЙПГ / ППК Франциянын депутаттарына Сириядагы  Хол лагерине кирүүгө уруксат берген жок

Жикчил террордук уюм ЙПГ / ППК Франциянын депутаттарына Сириянын түндүк-чыгышындагы Хол лагерине кирүүгө уруксат берген жок.

Солчул депутаттар Фредерик Дюма, Хюберт Жюльен-Лаферриере, Сильви Гийом жана Моун Сатуринин биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Бельгия, Финляндия, Германия, Австрия жана Испаниянын делегациялары акыркы жумаларда Хол лагерине бара алышканын, бирок алар Сирия чек арасынан өткөндөн кийин , ЙПГ/ПККнын (YPG / PKK) көзөмөлүндө турган лагерге кирүүсүнө тоскоол болгону белгиленди.

Билдирүүдө, «Биздин жер-жерлердеги маектерибиз, лагердеги чектөөнүн Франция бийлигинин түздөн-түз кысымынан улам болгонун тастыктоодо»,деген сөздөр камтылган.

Лагерлерде көпчүлүгү француз болгон европалыктар кармалып, абалдын начар экендиги баса белгиленген билдирүүдө, лагерлерде кармалган балдар үчүн шашылыш чаралардын көрүлүшү керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар