Греция : "Түркия жер титирөөдөн кийин жардам кылууну сунуш кылды"

Грециянын ортоңку бөлүгүндөгү Ларисса шаарында 6 баллдык жер титирөө болду.

1594457
Греция : "Түркия жер титирөөдөн кийин жардам кылууну сунуш кылды"

Грециянын  Ларисса шаарында болгон  6 баллдык жер титирөөдөн кийин Түркиянын жардам сунуш кылгандыгын жарыялады.

Грециянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тышкы иштер министри Никос Дандиаска телефон чалып Лариссада болгон жер титирөөдөн кийин Греция менен тилектештик ичинде экендигин жана өлкөсүнүн жардам берүүгө даяр экендигин айтты. Сүйлөшүүгө Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани да катышып колдооусун билдирди»,- деп белгиленди.

Грециянын ортоңку бөлүгүндөгү Ларисса шаарында 6 баллдык жер титирөө болду. Аймактагы айрым эски үйлөр менен чиркөө жана мектептер зыян тартып, адам өмүрүнө зыянчылык келген жок.



Тектеш кабарлар