Энтони Блинкен Катардын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Нед Прайс сүйлөшүү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1594078
Энтони Блинкен Катардын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Катардын тышкы иштер министри Мухаммед Бин Абдуррахман Ел Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Нед Прайс сүйлөшүү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Прайс маалыматында : «Мамлекеттик катчы Блинкен министрди Булуң кызмататштык кеңешинин саммитинде Катар менен Бахрейн, Сауд Арабия, Бириккен Арап Эмираттары жана Египет төрттүгүнүн ортосундагы Ел Ула декларациясы менен жасалган тарыхый кыймылдан улам куттуктады. Чек араларын бири бирине карата ачуу, транспорт чектөөлөрүн жоюу жана дипломатиялык карым- катнаштарды кайрадан куруу кубантуучу кадам»,- деди.

Блинкендин кесиптешине Катардын АКШ күчтөрүн жайгаштыргандыгы үчүн ыракмат айтканын белгилеген Прайс эки министрдин Катардын афган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө берген колдоо жана булуңдагы биримдиктин маанисин карап чыгышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар