БУУнун аскерлерине жасалма вакцина сатылды

БУУнун миссиясында кызмат кылган таиланддык дарыгер 273 жоокерге "жасалма" вакцина сайды.

1593736
БУУнун аскерлерине жасалма вакцина сатылды

Түштүк Суданда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтык күчүнүн аскерлерине "жасалма" коронавирустун (Ковид-19) вакцинасы сатылды.

"Straitstimes" гезитинин жаңылыктарына караганда, БУУнун миссиясында кызмат кылган таиланддык дарыгер 273 жоокерге Ковид-19га каршы эффективдүү деп айткан "жасалма" вакцинаны 20 долларга берген.

Дарыгер Ковид-19 вакцинасы деп алдап аскерлерге "суу" сайган.

Бул окуя, вакцинада эч кандай "этикетка" маалыматы жок экендигин байкаган бир жоокердин кырдаалды жогору жакка кабарлашынын натыйжасында ачыкка чыкты.

Таиланддык жетекчилер, дарыгер кызматтан алынып кайра өлкөгө жөнөтүлгөндүгү жана диплому жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалымат бөлүштү.



Тектеш кабарлар