Блинкен Йемендеги хуситтерге чакырык салды

Блинкен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында онлайн режиминде уюштурулган «Йеменге эл аралык гуманитардык жардам жыйналышында» сөз сүйлөдү.

1593234
Блинкен Йемендеги хуситтерге чакырык салды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Антони Блинкен, Иран колдогон хуситтерди Сауд Арабияга ракеталык чабуулдарын жана Йемендин ичиндеги кол салууларын токтотууга чакырды.

Блинкен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында онлайн режиминде уюштурулган «Йеменге эл аралык гуманитардык жардам жыйналышында» сөз сүйлөдү.

Сауд Арабия жана Йемен өкмөтүнүн ок атышпоо жана согушту токтотууга даяр жана чечкиндүү экендигин билдирген Блинкен мындай деп улантты: «Биз хуситтерди чек аралардагы кол салууларын жана согушту узарткан аскерий чабуулдарын токтотууга чакырабыз. Биз БУУнун ортомчулугундагы процессти жана БУУнун Йемендеги атайын өкүлү Мартин Гриффитстин ок атышпоо режимин орнотуу, гуманитардык жардам жеткирүү жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо аракеттерин колдойбуз».

Блинкен бардык тараптардын карапайым адамдарга кол салууларын токтотушу керектигин белгилеп, хуситтерди айрыкча Йемендин Мариб провинциясына кол салууну токтотууга чакырды.

Швеция жана Швейцария тарабынан уюштурулган жана Йеменге 4 миллиард долларга жакын жардам чогултуу максатын көздөгөн жыйында Блинкен, АКШнын 191 миллион гуманитардык жардам берерин айтты.

Йеменге гуманитардык жардам жеткирүү үчүн АКШ хуситтерди 12-январда террорчулардын тизмесинен чыгарган.

Хуситтер андан бери Сауд Арабиясына карай көптөгөн кол салууларды уюштурушту.



Тектеш кабарлар