Бириккен Арап Эмираттарынын Сокотра портуна аскер жиберди

Сокотра губернатору Ремзи Махрус да өткөн жумада Бириккен Арап Эмираттарынын Сокорта портуна аскердик унаа жибергендигин жарыялаган.

1593476
Бириккен Арап Эмираттарынын Сокотра портуна аскер жиберди

Йемендин информация министрлигинин кеңешичиси Мухтар ер  - Рахби Бириккен Арап Эмираттарынын Йемендин түштүгүндөгү Сокотра портуна аскер жибергендигин айтты.

Рахби твиттерден берген маалыматында Абу Даби башкаруусунун жогорку мартабалуу аскерлерди жибергендигин билдирди. Рахби ок  - дары жүктөлгөн аскердик бир кеменин да портко жеткендигин маалымдады.

Аскердик жетекчилердин ким экендиги жана Бириккен Арап Эмираттары да  бул тууралуу эч бир маалымат берилген жок.

Бириккен Арап Эмираттарынын тышкы иштер боюнча мурунку жооптуусу мамлекеттик министр Энвер Гардаш өлкөсүнүн Йемендеги аскерлер жиберүүнү өткөн жылы октябрь айында токтоткондугун билдирген.  

Йемен информация министрлигинин кеңешчиси Мухаммед Кыйзан болсо бул маалыматтарды төгүнгө чыгарып, Бириккен Арап Эмираттарынын азыр да Йеменде экендигин баары билгендигин айткан.

Сокотра губернатору Ремзи Махрус да өткөн жумада Бириккен Арап Эмираттарынын Сокорта портуна аскердик унаа жибергендигин жарыялаган.



Тектеш кабарлар