Батыш Шериада алдыңкы лидерлерден мурунку депутат Халиде Жеррар 2 жыл  абак жазасына тартылды

Жеррар 2019 -  жылы 28 -  февралда 20 айлык камоодон кийин Израиль мекемелери тарабынан бошотулган.

1593488
Батыш Шериада алдыңкы лидерлерден мурунку депутат Халиде Жеррар 2 жыл  абак жазасына тартылды

Израиль аскердик соту Палестина Элдик Боштондук Фронту оккупацияга алынган Батыш Шериада алдыңкы лидерлерден мурунку депутат Халиде Жеррарды 2 жыл  абак жазасына тартты. 

Палестина адам укуктары мекемеси Замирдин басма сөз катчысы Хиба Хамарше Рамаллахтын батышындагы Изриль Офер аскердик сотунун Жеррарды 2 жыл абак жазасы жана 4 000 шекел  акчалай жазага тартылгандыгын белгиледи.

Жеррар 2019 -  жылы 31 -  октябрда Израиль аскерлери тарабынан оккупацияга алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлүп камоого алынган. Жеррар 2019 -  жылы 28 -  февралда 20 айлык камоодон кийин Израиль мекемелери тарабынан бошотулган.



Тектеш кабарлар