Ереванда митингчилер Өкмөт имаратына киришти

Имараттан чыккан митингчилер «Каалаган имаратка кире аларыбызды көрсөтүүнү кааладык»,- деп айтышты.

1592909
Ереванда митингчилер Өкмөт имаратына киришти

Армениянын борбор шаары Ереванда премьер  - министр Никол Пашинянга каршы митингчилер Өкмөт имаратына кирди.

Өкмөт имаратына кирген митингчилер Никол Пашиняндын кызматынан кетишин талап кылышты. Кыска убакыттан кийин имараттан чыккан митингчилер «Каалаган имаратка кире аларыбызды көрсөтүүнү кааладык»,- деп айтышты.

Бир тараптан Армениянын президенти Армен Саркисян жана премьер  - министр Пашиняндын ортосунда башкы штабдын төрагасы Оник Гаспаряндын кызматтан алынышы тууралуу келишпестик улантылууда. Саркисян Пашиняндын башкы штабдын төрагасы Гаспарянды  кызматынан алганы тууралуу жарлыкты кайтарса да Пашинян ошол эле жарлыкты кайрадан президенттике жиберди.

Президенттиктен берилген маалыматта бул жарлыктын кайрадан Саркисянга жеткендиги билдирилди. Бир тараптан бийлик жана оппозиция жактоочулары бүгүн борбор шаар Ереванда бир учурда митингге чыгышат.

Армениянын премьер  - министри кечээ фейсбук аркылуу берилген түз эфирде жүрүшкө чыгууга чакырып : ««Митинг жана жүрүштүн максаты Армениядагы демократиялык конституциялык системаны жана элдин күчүн коргоо. Анткени өлкөбүздө күч элге таандык»,- деди.

Пашинян колдоочуларын жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30да Респулика аянтына чакырса, өкмөткө оппозиция болгондор болсо Маршал Баграмян аянтында саат 18: 00 жолугушат.

Ошол эле учурда премьер  - министрликтен берилген маалыматта Пашиняндын Коопсуздук Кеңешин чогулткандыгы маалымдалды. Жыйында өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздук маселелеринин каралгандыгы билдирилди. 25 - февралда Армения армиясы Пашинян өкмөтүнө каршы төңкөрүш жасоого аракет кылган.

Премьер-министр Пашинян элди көчөгө чыгууга чакырып, башкы штабдын төрагасы Оник Гаспарянды кызматтан алганын жарыялады. Бирок президент Армен Саркисян Гаспарянды кызматтан алуу жөнүндө жарлыкты четке каккан.



Тектеш кабарлар