Грек басма сөзү : "Египет Түркия менен келишимге ачык каалга калтырды"

Афинада жарыяланган грек «Катимерини» гезити  тендер жарыясын «Каирден Анкарага ачык каалга» деген темада кабарлады.

1592713
Грек басма сөзү : "Египет Түркия менен келишимге ачык каалга калтырды"

Египеттин Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмуна билдирген континенттик шельфтин чек араларына көңүл буруу менен углеводород издөө тендерине чыккандыгын жарыялоосу грек басма сөзүндө кенен орун алды.

Афинада жарыяланган грек «Катимерини» гезити  тендер жарыясын «Каирден Анкарага ачык каалга» деген темада  кабарлады.

Кабарда Каир өкмөтү тарабынан жарыяланган тендер картасында 28 -  меридиандын чыгышында орун алган бир участоктун Түркия Түркия  -  Ливия келишимине кол коюлгандан бир канча күн мурда БУУга билдирген түрк континенттик шельфинин түндүк чек араларында акырына чыккандыгы белгиленди.

Грек «The İndicator» кабар порталы да бул тууралуу «Египет Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркия менен келишүүдө» деген тема менен жарыялаган.

Египеттин Жер Ортолук деңизде Суэц булуңунда жана чөлдүү аймагында 24 участок үчүн тендер жарыялагандыгы билдирилген кабарда : «Бирок, маселе Жер Ортолук деңизиндеги участоктордун бирөөсү, негизги контурлары Греция менен  белгиленгендей эмес Түркия менен түзүлгөн контурлар менен белгиленет»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар