Нигерияда «Ласса ысытмасынан» 22 адам көз жумду

Нигерия өкмөтү өткөн жылы Ласса ысытмасынан улам өлкөдө «чукул кырдаал» жарыялаган

1592052
Нигерияда  «Ласса ысытмасынан» 22 адам көз жумду

Нигерияда 22 адам жаныбарлардан адамга жугуп, өлүмгө алып келүүчү «Ласса ысытмасынан» көз жумду.

Батыш Африка өлкөсү Нигерияга таасир эткен эпидемияда январь айынан бери Эдо, Ондо, Эбони, Насарава, Энугу, Тараба жана Баучи провинцияларында 102 учур аныкталды. Эпидемиянын айынан ушул кезге чейин 22 адам каза болду.

Мали, Того, Гана, Либерия жана Сьерра-Леоне сыяктуу көптөгөн Африка өлкөлөрүндө байкалган «Ласса ысытмасы» биринчи жолу 1969-жылы Нигериянын Борно провинциясында кездешкен.

Нигерия өкмөтү өткөн жылы Ласса ысытмасынан улам өлкөдө «чукул кырдаал» жарыялаган.

Чычкандын заңына тийгенде, оору адамдан адамга өтүп, өлүмгө алып келген геморрагиялык температурага алып келет.

Бийлик элди гигиенага сак болуп, чычкандар жана башка кемирүүчүлөр менен байланышуудан алыс болууну эскертет.



Тектеш кабарлар