Испанияда демонстрациялар зордук-зомбулукка айланды

Өлкөдө бир нече күндөн бери уланып келе жаткан нааразычылык акциялары учурунда демонстранттар полиция унаасын өрттөп, дүкөндөрдү да өрттөп жиберишти.

1592060
Испанияда демонстрациялар зордук-зомбулукка айланды

Испанияда рэп ырчысы Пабло Хаселдин камакка алынышына ачуулануу токтой элек.

Өлкөдө бир нече күндөн бери уланып келе жаткан нааразычылык акциялары учурунда демонстранттар полиция унаасын өрттөп, дүкөндөрдү да өрттөп жиберишти. Демонстрациялар учурунда дагы кеминде 10 адам кармалды.

Испаниядагы рэпер Пабло Хаселдин камакка алынышына каршы нааразычылык акциялары зордук-зомбулукка айланды. Барселонада профсоюздар жана студенттер ассоциациялары чогулду. 4 миңге жакын адам жөө жүрүшкө чыгышты.

Шаардын борборундагы дүкөндөр тонолду. Демонстранттар банктарга кол салышып, полиция унаасын өрттөштү. Демонстранттарга полиция кийлигишти. Кагылышуулар учурунда жаракат алгандар болду жана кеминде 10 адам кармалды.

Рэпер Пабло Хасель терроризмди даңазалаганы, падышаны жана мамлекеттин институттарын кемсинткендиги үчүн түрмөгө кесилген. Нааразылык акциялары Хасель 16-февралда түрмөгө жөнөтүлгөндө башталган.



Тектеш кабарлар