Иран: «Өлкөдө аялдар менен сунниттердин укуктары көз жаздымда калды»

Жихангири адамдардын динге, мазхабга жана этникалык түзүлүшкө карабастан бирдей укуктарга ээ экендигин айтты.

1592255
Иран: «Өлкөдө аялдар менен сунниттердин укуктары көз жаздымда калды»

Ирандын биринчи вице-президенти Исхак Жихангири өлкөдө аялдар менен сунниттердин укуктары көз жаздымда калып жатат деген сындарды кабыл алгандыгын билдирди.

Жихангири адамдардын динге, мазхабга жана этникалык түзүлүшкө карабастан бирдей укуктарга ээ экендигин айтты, бирок «Мен сунниттер менен аялдардын укуктары көз жаздымда калгандыгын мойнума алам»,-деди.

Өкмөттүн жетекчи кызматтарда аялдардын санын көбөйтүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирип, ирандык чиновник суннилердин көйгөйлөрүн чечүү да өкмөттүн жоопкерчилигинде деп билдирди.

Жихангири, Иран эл аралык коомчулукта күчтүү имиджге ээ болушу үчүн, июнь айында өтө турган президенттик шайлоого катышуу жогорку деңгээлде болушу керек деп баса белгиледи.

Жихангири: «Биз жаштарга, аялдарга, ар башка этносторго жана секталарга Ирандын келечеги жөнүндө үмүт беришибиз керек. Күчтүү шайлоо өткөрүүнүн натыйжасында бардык секталардагы жана тенденциялардагы ирандыктар өлкө баарынын жалпы менчиги экендигин сезиши болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар