Байден бийлиги эртең Сауд Арабиясы тууралуу билдирүү жарыялайт
Жо Байден Ак үйдүн бакчасында Сауд Арабиясы тууралуу медиа мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Байден, Жамал Кашыкчынын (Хашоггинин) өлтүрүлүшү боюнча чалгындоо отчетунан кийин дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясы жөнүндө билдирүү жасай тургандарын айтты.
Жо Байден Ак үйдүн бакчасында Сауд Арабиясы тууралуу медиа мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү жөнүндө АКШнын чалгындоо кызматынын билдирүүсүнөн кийин Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманды жазалабайсызбы деген суроого Байден: «Дүйшөмбү күнү жалпы Сауд Арабиясы менен эмне кыларыбыз жөнүндө жарыяланат»,-деп жооп берди.
АКШнын Улуттук чалгындоо дирекциясы (DNI) жума күнү жарыялаган, Хашоггинин өлтүрүлүшүнө Салман макулдук берген деген билдирүү чоң таасир калтырды.
Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед Бин Салманды сындоолору менен белгилүү болгон жана Washington Post гезитинин колумнисти Жамал Хашогги 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кирген соң кайра чыккан эмес. Кийинчерээк Хашогги консулдукта өлтүрүлүп, анын денеси бөлүктөргө кесилгени белгилүү болду.