Алтын кенине кол салуу: 22 адам каза болду

Алтын кенине мотоцикл менен келген куралчан кишилер туш келди ок чыгарышты.

1591698
Алтын кенине кол салуу: 22 адам каза болду

Нигериянын Замфара аймагындагы алтын кенине жасалган кол салуудан 22 адам каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, провинциянын Данкурми аймагындагы алтын кенине мотоцикл менен келген куралчан кишилер туш келди ок чыгарышты.

Кол салуудан 22 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышты.

Замфара аймагында 5 жылдан бери, мал чарбачылыгы менен алектенип келген фуланилер менен дыйканчылык кылган айрым уруулардын ортосунда катуу кагылышуулар болуп жатат.



Тектеш кабарлар