Нигерияда жүздөгөн кыз уурдалды

Нигериянын Замфара штатында куралдуу кишилер интернатка кол салып, жүздөгөн кыз уурдалды.

1591363
Нигерияда жүздөгөн кыз уурдалды

Нигериянын Замфара штатында куралдуу кишилер интернатка кол салып, жүздөгөн кыз уурдалды.

Ким экендиги белгисиз куралчан кишилер штаттын Жангебе районундагы мамлекеттик кыздар орто мектебине эрте менен кол салышты.

Жүздөгөн кыз уурдалып, көптөгөн окуучулар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Окуя тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Нигерияда куралдуу кишилер 17 -февралда да Нигер штатындагы Карага аймагында мектеп – интернатка кол салып 2 окуучуну өлтүрүп, 27 окуучу менен 15 жаранды уурдаган. 15 жарандын үчөөсү мугалимдер болгон.

Штатта кагылышуулардын айынан 2000ге жакын киши каза болуп, миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.



Тектеш кабарлар