Муз жарылып төрт киши сууга чөгүп кетти

Сууга чөгүп кеткен 65 жана 75 жаштарындагы 4 кишинин сөөгү чыгарылды.

1591048
Муз жарылып төрт киши сууга чөгүп кетти

Швециянын Йонкопинг шаарына жакын жайгашкан Севсжё районунда тоңгон Вальсжон көлүндө муздун жарылып кетишинин кесепетинен төрт адам сууга чөгүп кетти.

Йөнкөпинг полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Бьорн Оберг өлкөнүн расмий маалымат агенттиги ТТга билдиргендей, муздун жарылып кетишинен сууга чөгүп кеткен 65 жана 75 жаштарындагы 4 кишинин сөөгү чыгарылды.

Бул адамдардын жакындары кабар бергенден кийин куткаруу иштеринин башталгандыгын белгилеген Оберг, бул адамдардын эмне үчүн тоңуп калган көлдө жүргөндүгү жөнүндө маалыматтары жок экендигин айтты.



Тектеш кабарлар