АКШ Сириядагы Иран колдогон топторго карата операция жүргүздү

АКШ Ирактагы кол салуулар менен байланышы бар деген негизде Сирияда Иран колдогон топторго таандык бир жерге абадан операция жүргүздү.

1591201
АКШ Сириядагы Иран колдогон топторго карата операция жүргүздү

АКШ Ирактагы кол салуулар менен байланышы бар деген негизде Сирияда Иран колдогон топторго таандык бир жерге абадан операция жүргүздү. Бул тууралуу маалымат берген АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун катчысы Жон Кирби : «Президент Жо Байдендин жолдомосу менен АКШ күчтөрү чыгыш Сирияда Иран колдогон куралдуу топтор тарабынан колдонулган бир жерге абадан операция жүргүздү»,- деп билдирди.

Бул кол салуунун акыркы учурларда Иракта болгон ракеталуу кол салууларга жооп ирээтинде экендигин белгилеген Кирби : «Бул операция Кетаиб Хизбуллах жана Кетаиб Сеййид ел Шүхеда менен биргеИран колдогон топтордун чек ара көзөмөл жериндеги бир топ комплексти жок кылды»,- деди.

Операциянын ДЕАШ террордук уюмга каршы коалиция өлкөлөр менен кеңешүү менен жүргүзүлгөндүгүн айткан Кирби мунун Ирак жана Сириядагы жалпы кырдаалды курчутпоо үчүн пропорционалдуу түрдө жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар