Диктатор Франконун акыркы айкели дагы алынып салынды

Испания өкмөтү, мыйзамдын негизинде сентябрь айында мурунку диктатордун жайкы сарайын да анын мураскорлорунан тартып алган.

1590422
Диктатор Франконун акыркы айкели дагы алынып салынды

Испанияны 40 жылдай диктатура астында башкарган Франсиско Франконун акыркы айкели дагы алынып салынып кампага коюлду.

Өлкөдө 2007-жылы чыгарылган Тарыхый эс тутум мыйзамына ылайык, Франконун бардык айкелдери жана жерлери жокко чыгарылышы керек болчу.

Ушул алкакта акыркы кадам Испаниянын Африкадагы автономиялуу аймагы Мелиллада ташталды; 1978-жылы Франконун көзү өткөндөн үч жылдан кийин шаарга коюлган айкел алынып салынды.

1920-жылы Риф согушунда испан жана марокколук уруулар кагылышкан болчу.

Айкел ошол кездеги Испаниянын Легионуна командачылык кылган Франконун ролун символдоштурчу.

Испания өкмөтү, мыйзамдын негизинде сентябрь айында мурунку диктатордун жайкы сарайын да анын мураскорлорунан тартып алган.



Тектеш кабарлар