Арменияда саясий аскердик кризис курчуп баратат
Пашинян Башкы штабдын башчысы Гаспарянды кызматтан алганын жарыялады.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, аны кызматтан кетүүгө чакырган Башкы штабдын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алды.
Армениянын Башкы штабынын башчысы жана бардык жогорку командирлер премьер-министр Пашинянды кызматтан кетүүгө чакырган билдирүү таратты.
Билдирүүдө Пашиняндын өкмөтү орчундуу жана жетиштүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүз экендиги айтылды.
Ушундан кийин Пашинян армиянын өзүнө каршы кызматтан кетүү чакырыгын "төңкөрүш аракети" деп сыпаттап, өзүнүн тарапкерлерин көчөгө чакырды.
Пашинян ошондой эле Башкы штабдын башчысы Гаспарянды кызматтан алганын жарыялады.
Буга байланыштуу Кремлдин билдирүүсүндө болсо, Еревандагы окуяларга тынчсыздануу менен байкоо салып жаткандары белгиленип, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Пашиняндын азырынча байланыша электиги жана зарыл болгон учурда байланыш курула тургандыгы кабарланды.
Кремлдин басма сөз катчысы Димитрий Песковдун билдирүүсүндө: «Биз Армениядагы окуяларды тынчсыздануу менен байкап жатабыз. Бирок болуп өткөн окуя Армениянын ички иштери. Армениядагы ар кимди тынчтанууга чакырабыз, кырдаал конституциялык алкакта сакталышы керек»,-деди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.