МАГАТЭ Ирандын 20 пайызга байытылган 17,6 килограмм уран өндүргөнүн билдирди

МАГАТЭ мүчө өлкөлөр менен бөлүшкөн 16-февралдагы отчетунда Тегеран жетекчилигинин мурда жарыялагандай 20 пайызга байытылган уранды өндүргөнүн белгилеген.

1589618
МАГАТЭ Ирандын 20 пайызга байытылган 17,6 килограмм уран өндүргөнүн билдирди

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын 20 пайызга байытылган 17,6 килограмм уран өндүргөнүн билдирди.

МАГАТЭ мүчө өлкөлөр менен бөлүшкөн 16-февралдагы отчетунда Тегеран жетекчилигинин мурда жарыялагандай 20 пайызга байытылган уранды өндүргөнүн белгилеген.

Маалыматка ылайык, Иран байытылган уран запасын 2-ноябрда билдирген болжол менен 2 442 килограммдан 2 968 килограммга чейин көбөйттү.

Отчетто, «Агенттик Иран билдирбеген жерде, агенттикке декларацияланбаган өзөктүк материал болушу мүмкүн деп терең тынчсызданууда. Сөз болуп жаткан өзөктүк материал Ирандын коопсуздукту көзөмөлдөө келишимине ылайык билдирилиши керек»,деген сөздөр камтылган.

2015-жылы кол коюлган Комплекстүү Биргелешкен Иш-аракеттер Планы (КБИП) деп аталган өзөктүк келишим Иранга 202,8 килограмм уран запастарын топтоого жана уранды 3,67 пайызга чейин байытууга мүмкүндүк берет.

Ошентип, Иранда өзөктүк келишимде уруксат берилген байытылган урандын запасы болжол менен 15 эсе көп болгон.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Нед Прайс, МАГАТЭнин Иран боюнча отчетуна шилтеме жасап, МАГАТЭнин инспекторлоруна атайын текшерүү уруксаттарын берген Кошумча протоколду токтоткон Иран туура эмес жолго түшүп, өзөктүк чектөөлөрдөн алыстап баратканын айтты. Прайс: «Биздин максат КБИП боюнча АКШ менен Ирандын милдеттенмелерин аткара турган натыйжага жетишүү. Бирок жасалган кадамдар туура эмес багытта кетип жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар