COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1589711
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Covid.jpg
supercovid19 meksika2.jpg
covid-19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 496 миң 900гө жетти. Вируска чалдыккандардын саны 112 миллион 660 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 88 миллион 254 миңден ашты.

Пандемиянын чордону АКШда вирустун айынан каза тапкандардын саны 514 миң 996га, жуктуруп алгандардын саны 28 миллион 897 миң 718ге жетти.

Британияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 548 өлүм жана 8 миң 489 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 121 миң 305, ал эми ооруну жуктургандардын саны 4 миллион 134 миң 639ду түздү. Премьер-министр Борис Жонсон 21-июнда өлкөдөгү коронавирустук чектөөлөр толугу менен алынып салынат деп "үмүттөнүп" жаткандыгын, бирок "эч нерсеге кепилдик берилбей" турганын билдирди.

Италияда эпидемиянын кесепетинен акыркы 24 саатта 356 адам көз жумуп жалпы сан 96 миң 348ди түздү. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 13 миң 314кө көбөйүп, 2 миллион 832 миң 162ге жетти.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан улам 341 адам каза болуп вирустан көз жумгандардын жалпы саны 85 миң 44кө жогорулады. Бир күндө 20 миң 64 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 629 миң 891ге жетти.

Эпидемиянын кесепетинен адам өлүмү 69 миң 214, ал эми ооруга кабылгандардын саны 2 миллион 405 миң 263 деп катталган Германияда, Европа иштери боюнча мамлекеттик министр Майкл Рот Ковид-19дун мутацияланган түрлөрүнүн жайылышын алдын алуу максатында Австрия менен Чехия чек араларын көзөмөлдөө керек деп билдирди.

Нидерландияда эпидемияга каршы өлкө боюнча 23-январда күчүнө кирген коменданттык сааттын мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Премьер-министр Марк Рютте, биринчи жолу Улуу Британияда аныкталган Ковид-19дун мутацияланып тезирээк тараган түрүнөн улам бейтаптардын саны кайрадан өсүп, үчүнчү толкундун башталгандыгын билдирди. Нидерландияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 15 миң 343га, илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 064 миң 598ге жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутканын ичинде 443 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 68 миң 79га жогорулады. Ошол эле мезгилде 7 миң 461 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 161 миң 432ге жетти.

Португалияда вирустун айынан каза болгон адамдардын саны 16 миң 86га,  жуктургандардын саны болсо 799 миң 106га жетти.

Ковид-19 эпандемиясында Латын Америка өлкөлөрүндө каза тапкандардын саны Бразилияда 1 миң 386га көбөйүп 248 миң 529га, Мексикада 1 миң 273кө жогорулоо менен 181 миң 809га, Аргентинада 515ке көбөйүп 51 миң 510га,  Колумбияда 144кө жогорулап 59 миң 118ге, Перуда 224 көбөйүү менен 45 миң 487ге, Чилиде 25ке жогорулоо менен 20 миң 151ге, Эквадордо 20га көбөйүп 15 миң 567ге, Боливияда 38гө көбөйүп 11 миң 508ге жетти.

Россия тарабынан Ковид-19га каршы иштелип чыккан Sputnik V вакцинасынын 200 миң дозадан турган алгачкы партиясы Мексиканын борбору Мехикодогу Эл аралык аэропортко жетти. Эртеңден баштап Изтакалко, Тлахуак жана Хохимилко аймактарында 60 жаштан жогорку курактагы жарандарга эмдөө жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар