Байден менен Казыми сүйлөшүү өткөрдү

Байден менен Казыминин АКШ-Ирак мамилелерин "Стратегиялык диалог" аркылуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешкени белгиленди.

1589587
Байден менен Казыми сүйлөшүү өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден менен Ирактын премьер-министри Мустафа Казыми телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүгө байланыштуу Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Байден АКШнын Ирактын эгемендүүлүк жана көз карандысыздыгына болгон колдоосун тастыктап, премьер-министр Казиминин лидерлигин жогору баалады.

Билдирүүдө: «Экөө ирактык жана коалициянын кызматкерлерин бутага алган ракеталык чабуулдарга токтолушту жана кол салуулардын күнөөкөрлөрүнүн толугу менен жооп бериши керектиги боюнча макулдашышты» деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө ошондой эле Байден менен Казыминин АКШ-Ирак мамилелерин "Стратегиялык диалог" аркылуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешкени белгиленди.

Өткөн жумада Иракта америкалык аскерлер да жайгашкан Эрбил аэропортуна жана мурунку күнү Багдаддагы баш калкалоочу Жашыл аймакка ракеталык чабуулдар жасалган болчу.



Тектеш кабарлар