Россия Европа Биримдигинин санкция чечимине каршылык көрсөттү

Россия Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Алексей Навальныйдын камакка алынышынан улам Россияга санкция салышына каршылык көрсөттү.

1588908
Россия Европа Биримдигинин санкция чечимине каршылык көрсөттү

Россия Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын камакка алынышынан улам Россияга санкция салышына каршылык көрсөттү.

Россиянын тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. Министрлик «көңүл калтыруучулук» деп мүнөздөгөн  чечимдин Европа Биримдиги менен Россиянын карым  - катнаштарына зыянын тийгизгендигин белгиледи.

Санкция чечиминин кайталанган жаңылыш кадам экендигин белгилеген Россия Навальныйдын бошотулушу тууралуу чакыруулардын «мыйзам тышы» жана «туура эмес» экендигин билдирди.

Министрлик : «Бул орус жараны, экономикалык кылмыштардын айынан өлкөбүздө орус соту тарабынан күнөөлүү деп табылды. Европа Биримдигинин тышкы саясатында ультиматум, кысым, санкция сыяктуу легитимсиз каражаттардын жайылышы өкүндүрөт. Европа Биримдиги глобалдык сахнада жалгыз кыймыл кылган уюлдук ролун улантууга аракет кылууда бирок мунун өнөктөштөрүнө урмат – сый, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлгишпөө принциби жана эл аралык мыйзамдын негизинде турмушка ашырыларын унутту»,- деп билдирди.  



Тектеш кабарлар