Нигерияда этникалык кагылышуу болду

Кагалышууда 25 киши каза болду.

1588901
Нигерияда этникалык кагылышуу болду

Нигериянын Эбонйи штатында эки этникалык топтун арасында кагылышуу болду. Кагалышууда 25 киши каза болду.

Эбонйи губернатору Давид Умахи Охаукву аймагында Еффиум жана Езза Еффиум этникалык топторунун ортосунда зордук  - зомбулук окуяларынын чыккандыгын билдирди. Умахи кагылышууларда 25 кишинин каза болгондугун, көп сандаган кишинин да жаралангандыгын айтты.

Кагылышууларда 125 үйдүн, айрым күйүүчү май станцияларынын өрттөнгөндүгүн белгилеген Умахи аймак тургундары корккондуктан үйлөрүн таштап кеткенин айтты.

Эбонйи аймагында түрдүү топтордун ортосунда табигый булактар бөлүшүлө албагандыктан кээ кээде зордук  - зомбулук окуялары болуп турат.



Тектеш кабарлар