Египетте балыкчы кемеси чөктү

Кырсыкта 7 киши каза болду.

1588963
Египетте балыкчы кемеси чөктү

Египеттин Марьют көлүндө 17 кишини ташыган эки балыкчы кемеси чөктү. Алгачкы белгилөөлөргө караганда 7 киши каза болду.

Александрия коопсуздук директорлугунун билдирүүсүнө караганда, бир үй  - бүлөдөн араларында балдар болгон 17 кишини ташыган эки кеме Марьют көлүндө чөктү жана ушул кезге чейин 7 кишинин жансыз деенси табылды.

Окуя болгон жерге көп сандаган тез жардам, жээк коопсуздук жана изилдөө - куткаруу топтору жиберилди.

Эки кеме кечки тамак үчүн көпчүлүк учурда бедуиндер колдонгон кичинекей аралдан кайтып жатканда чөктү.

Көлдө изилдөө -  куткаруу иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар