Грузияда абал чыңалып баратат

Тбилисиде негизги оппозициянын лидери, Бириккен Улуттук Кыймылдын башчысы Ника Мелиянын атайын күчтөр тарабынан уюштурулган операцияда кармалышына каршылык көрсөтүлдү.

1589335
Грузияда абал чыңалып баратат

 

Грузиянын борбору Тбилисиде негизги оппозициянын лидери, Бириккен Улуттук Кыймылдын башчысы Ника Мелиянын атайын күчтөр тарабынан уюштурулган операцияда кармалышына каршылык көрсөтүлдү.

Мелия эртең менен партиянын башкы кеңсесинде жүздөгөн полиция кызматкерлеринин катышуусундагы операция менен кармалган. Андан кийин партиянын көптөгөн тарапташтары жана ар кандай оппозициялык партиялардын лидерлери катышкан нааразычылык акциясы башталды.

Демонстранттар өкмөт үйүнүн маңдайына чогулуп, ал жерден парламент имаратынын алдына жөө жүрүш жасашты.

«Шота Руставели» проспектисин жапкан демонстранттар парламенттин алдына чатырларды тигип, күзөтө башташты.

Демонстрация учурунда сөз сүйлөгөн оппозициялык партиялардын лидерлери дагы өкмөттөн Мелияны бошотуп, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Мелиянын камакка алынышына байланыштуу билдирүүсүндө Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили коопсуздук күчтөрү мыйзамдын чегинде иш алып баргандыгын билдирди.

2019-жылдын 20-июнунда Грузияда өткөн 26-Православдык парламенттер аралык Башкы Ассамблеясынын сессиясында Россиянын Коммунисттик партиясынын мүчөсү жана Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Грузиянын Парламентинин төрагасы отурган орундукка отурушу миңдеген адамдардын нааразычылык билдирүүсүнө алып келген.

Мелия демонстранттарды провокациялаганы үчүн кармалып, кийинчерээк күрөө менен бошотулган. Бирок, күрөөгө акча төлөбөгөн Мелия кайрадан камакка алынды.



Тектеш кабарлар