Францияда курулуп жаткан Ейүп Султан мечитине кол салуу болду

Францияда курулуп жаткан Ейүп Султан мечитинин дубалына исламга каршы жазуулар жазылды.

1588759
Францияда курулуп жаткан Ейүп Султан мечитине кол салуу болду

Францияда курулуп жаткан Ейүп Султан мечитинин дубалына исламга каршы жазуулар жазылды.

Ислам Коомунун Улуттук Көз карашы Уюмуна караштуу мечиттин социалдык медиадан берген маалыматына караганда мечиттин дубалына «Исламга макул эмеспиз, өлкөңөргө айткыла» деп жазылган.  

Ислам Коомунун Улуттук Көз Карашы Уюмунан берилген маалыматта : «Бул окуя бүгүн Франциянн ичинде болгон зыяндуу климатты чагылдырууда»,- деп билдирилди.

Ейүп Султан мечити курулушу аяктаганда Европанын эң чоң мечити болот.

Осмондук архитектурасына карата курулган, 15 гектардык аянтты ээлеген, 3000 кишилик мечит, конференция залдары, мектеп, китепкана, мугалимдер бөлмөсү, ресторан жана бутиктер орун ала турган комплекстин өзгөчө 600 унаалык паркы менен велосипед паркы да бар.

44  метр бийиктигиндеги кош мунарасы менен Стразбургдун диний, архитектуралык жана маданий түрдүүлүгүнө түс кошо турган мечиттин негизги куполунун айланасында кичинекей масштабда 27 купол да орун алган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар