Кытай жана Индия аскерлери чегинүү процессин аяктады

Кытай жана Индия аскерлери 2020 -  жылы июнь айында Ладах аймагындагы Галван өрөөнүндө кагылышууга кирген.

1588174
Кытай жана Индия аскерлери чегинүү процессин аяктады

Кытай менен Индия аскердик бөлүктөрүнүн Гималайларда чек ара келишпестиги болгон Ладах аймагындагы артка чегинүү процесси  аяктады.

Times of Indiaнын кабарына караганда Индия жана Кытайдын коргоо министрликтеринен берилген биргелешкен маалыматта эки тараптын аскердик бөлүктөрүнүн Пангонг көлүнүн айланасынан чегингендиги маалымдалды.

Маалыматта бул кыймыл башка келишпестиктердин чечилиши үчүн «маанилүү кадам» катары мүнөздөлдү. Тараптардын байланыш жана диалогдорду улантуу, абалды турукташтыруу жана башка маселелердин  кабыл алына тургандай чечүүчү жолго жеткирилиши тууралуу келишкендиги белгиленди.

Кытай жана Индия аскерлери 2020 -  жылы июнь айында Ладах аймагындагы Галван өрөөнүндө кагылышууга кирген. Окуяда 20 Индия аскери каза болгон.

Өткөн айда эки өлкөнүн аскердик делегацияларынын ортосунда өткөрүлгөн тогузунчу тур сүйлөшүүлөрүндө аскерлердин чек арадан чыгышына жана Ладах аймагынын чыгышында абалды көзөмөлгө алуу жана аймакты ырааттуулукка жеткирүү үчүн аракеттердин улантылышы тууралуу чечим кабыл алынган.

Кытай менен Индиянын ортосундагы Гималай тоолору курчаган белгисиз чек ара линиялары өлкөлөр арасында эгемендик талаш  - тартыштарына себеп болууда. Дарыялар, көлдөр, мөңгүлөр жана кардуу чокулар болгон 3500 километрдик чек ара тараптарды бат  - бат бетме  - бет алып келүүдө.



Тектеш кабарлар