Иран : "Камактагы америкалыктар тууралуу кабар алынды"

Иран өлкөдө камакка алынган америкалыктардын маселеси боюнча Швецария элчилигинин ортомчулугунда  АКШдан кабар алынгандыгын билдирди.

1588230
Иран : "Камактагы америкалыктар тууралуу кабар алынды"

Иран өлкөдө камакка алынган америкалыктардын маселеси боюнча Швецария элчилигинин ортомчулугунда  АКШдан кабар алынгандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Саид Хатибзаде Иран абактарындагы АКШ жарандарынын бошотулушу үчүн Вашингтон башкаруусу менен түздөн түз  байланыштын болбогондугун белгилеп, бул тууралуу айрым өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана Швейцария элчилигинин ортомчулугу менен АКШ башкаруусунан маалымат алынгандыгын билдирди.

Иран расмий маалымат агенттиги Ирандын билдиргенине караганда АКШ абактарындагы Иран жарандарынын бошотулушу алдыңкылыктары экендигин белгилеген Хатибзаде бул тууралуу сүйлөшүүгө даяр экендерин айтты.

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык маселелер Швейцария аркылуу жүргүзүлүүдө.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан Иранда камактагы америкалыктардын кутулушу тууралуу Тегеран менен байланышка өткөндөрүн билдирген.



Тектеш кабарлар