Иракта жумушсуздук, Зикарда губернаторлук имараты ташбараңга алынды

Митингчилер проспектиде унаа дөңгөлөктөрүн өрттөшүп жолдорду жабышты.

1588435
Иракта жумушсуздук, Зикарда губернаторлук имараты ташбараңга алынды

Ирактын түндүгүндөгү Зикар аймагында жумушсуздуктун айынан көчөлөргө чыккан митингчилер губернаторлук имаратын ташбараңга алышты жана унаа дөңкөлөктөрү өрттөлүп авто жолдор унааларга жабылды.

Бир группа митингчи губернаторлук имаратынын алдында чогулуп имаратка таш ыргытышты. Митингчилер андан кийин имарат турган проспектиде унаа дөңгөлөктөрүн өрттөшүп жолдорду жабышты.

Көрүнүштөр соцтармактан жарыяланды.

Иракта 2019 -  жылы октябрь айында жумушсуздук,  коррупция жана коомдук тейлөө жетерсиз болгондуктан өкмөткө каршы митингдер өткөрүлгөн. Митингдер борбор шаар Багдат менен өлкөнүн түштүгүндөгү шаарларга да жайылган.



Тектеш кабарлар