ДССУ: «Ковид-19 эпидемиясы 2022-жылдын башында токтойт»

Даниянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы DRга маек берген, ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Др. Ханс Клюге 2021-жылдын дагы Ковид-19 жылы болоорун, бирок 2020-жылга караганда этият жана башкарууга боло тургандыгын баса белгиледи.

1587991
ДССУ: «Ковид-19 эпидемиясы 2022-жылдын башында токтойт»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСCУ) коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын жаңы түрү 2022-жылдын башында аяктай турганын  жана эң начар сценарий артта калганын жарыялады.

Даниянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы DRга маек берген, ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Др. Ханс Клюге 2021-жылдын дагы Ковид-19 жылы болоорун, бирок 2020-жылга караганда этият жана башкарууга боло тургандыгын баса белгиледи.

Клюге эң начар сценарий артта калганын, вирус алгач жайыла баштаган 2020-жылга салыштырмалуу вирус жөнүндө көбүрөөк маалымат бар экендигин билдирди.

Ковид-19 эпидемиясынын кантип башталганын эч ким мурдатан биле албастыгын баса белгилеп, өзүнүн болжолун түшүндүргөн Клюге: «Менин оюмча, эпидемия 2022-жылдын башында токтойт»,- деди.

Клюге: «Бул вирус бойдон кала берет, бирок чектөөлөрдүн кереги жок деп ойлойм. Бул оптимисттик билдирүү»,-деп айтты.

Ковид-19 мутациясын талкуулаган Клюге, мутациялар кадыресе көрүнүш экендигин жана вирус жуккан адамга ыңгайлашууга аракет кылып жатканын, бирок мутациялардын тез жайылышы аларды тынчсыздандырганын түшүндүрдү.

Клюге, Ковид-19дун мутацияга учураган түрлөрүнүн ылдамдыгына байланыштуу тезирээк жайылып кетишинин натыйжасында Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакциналардын канчалык эффективдүү экендиктерин кылдаттык менен көзөмөлдөп жатышкандыгын, керек болсо вакциналарды жаңы мутацияларга ылайык уюштурууга болоорун жана мутацияларга каршы вакциналарды кайра өндүрүүнүн кажети жок экендигин айтты.



Тектеш кабарлар