АКШда куралдуу кол салуу болду

Бул тууралуу Американын NBC телеканалынын полиция булактарына таянган кабарында берген.

1587541
АКШда куралдуу кол салуу болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Луизиана штатында куралчан адам курал саткан дүкөнгө кирип барып ок чыгарышынын кесепетинен 3 адам каза болду.

Американын NBC телеканалынын полиция булактарына таянган кабарына караганда, Жаңы Орлеан шаарында мылтык менен кол салган адам дүкөнгө кирип, туш келди ок чыгарып, 3 адам окуя болгон жерде көз жумгандыгы билдирилди.

Кабарда, кол салууга кабылган 2 адам ооруканага жаткырылгандыгы жазылган.

Облустук милициядан алынган маалыматка караганда, мылтык дүкөнүнө кирген кол салган адам, дүкөндүн ээси менен урушуп жатып, туш келди ок чыгарганынан адегенде 1 адам каза болуп, бирок кыска убакыттын ичинде оор жаракат алган эки адам каза болгон.

Окуя боюнча тергөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар