Европа Биримдиги жана НАТОдон АКШ, Россия жана Кытайга карата биримдүүлүк чакрыуусу

Акыркы бир канча жылда алсыраган Европа  -  Түндүк Америка байланышын кайрадан калыбына келтирүү үчүн чакыруу салынды.

1587263
Европа Биримдиги жана НАТОдон АКШ, Россия жана Кытайга карата биримдүүлүк чакрыуусу

НАТО жана Европа Биримдиги АКШнын жаңы башкаруусу менен өзгөчө Россия жана Кытайдын жогорулашы сыяктуу эл аралык темаларда трансатлантикалык мамилелерди күчтөндүрүү менен акыркы бир канча жылда алсыраган Европа  -  Түндүк Америка байланышын кайрадан калыбына келтирүүгө чакырышты.

НАТОнун башка катчысы Йенс Столтенберг, Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лайен виртуалдык чүйрөдө өткөрүлгөн Мюнхен Коопсуздук Конференциясында видеконференция аркылуу сөз сүйлөштү.

Столтенберг АКШнын жаңы президенти Жо Байденди жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн лидерлерин бул жылы Брюсселдеги саммитте тосуп алууну жана "жаңы трансатлантикалык күн тартибин" белгилөөнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айтты.

Европа менен АКШнын ортосунда акыркы жылдары айрым айырмачылыктардын болгонун эске салган Столтенберг : «Азыр бизде күчтүү союзду түзүү, ишенимди калыбына келтирүү жана биримдигибизди чыңдоо үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк бар»,- деди.

Столтенберг Европа менен Түндүк Американын алдында чоң сыноолордун бар экендиин белгилеп, булардын Кытайдын жогорулашы, өнүккөн кибердик кол салуулар, кыйратуучу технологиялар, климаттык алмашуу, Россиянын туруктуулукту бузган мамилелери менен террор коркунучу экендигин айтты.

«Эч бир өлкө, эч бир материк булар менен жалгыз өзү күрөшө албайт»,- деген Столтенберг биримдик ичинде кыймыл кылуунун маанисине токтолду.

Европа менен Түндүк Американын авторитардык державалар коркуткан эрежеге негизделген эл аралык тартипти коргошу керектигин баса белгилеген Столтенберг : «Кытай менен Россия өз кызыкчылыктары үчүн  жүргүнүчүлүктүн эрежелерин кайрадан жазууга аракет кылууда. Кытайдын жогорулашы, коопсуздук, бейкуттук жана турмуштук стилибизге алып келе турган жыйынтыктар жактан трансатлантикалык коомдорубуз үчүн абдан маанилүү бир тема. Ушул себептен НАТО, Австралия жана Япония сыяктуу жакын өнөктөштөрү менен карым  - катнаштарын тереңдетиши керек жана жалпы дүйнөдө жаңы өнөктөштүктөрдү курушу керек»,- деди.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель болсо  Европа Биримдиги менен АКШнын баалуулуктарды, бейкуттукту жана жоопкерчилик күчүн сактоо жана күчтөндүрүү үчүн иштеши керектигин баса белгиледи.

Мишель  оболу Ковид  - 19  эпидемиясы менен күрөш, соода, санариптик өнүгүү, экологиялык саясаттарга өтүү, адилетүү салык салуу сыяктуу темаларды белгиледи.

Европа Биримдигинин АКШ менен күчтүү жана ишенимдүү өнөктөштүк каалагандыгын баса белгилеген Мишель : «Келгиле өнөктөштүгүбүздү дагы жакшы дүйнө үчүн  күч борбору абалына алып келели. Кайрадан кош келдиң Америка»,- деди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лайен, Ковид-19 эпидемиясынан кийин климаттын өзгөрүшү глобалдык күн тартибин аныктай тургандыгын баса белгилеп : «Климаттык алмашуу менен күрөшүүдө ийгиликтүү болуу үчүн башка өлкөлөргө да муктажбыз»,- деди.

Фон дер Лайен АКШны Европа Биримдиги менен бирдикте санариптик экономика тууралуу эрежелер китебин даярдаоого чакырды.

Кытайдын эпидемияга карабастан 2020 -  жылы олуттуу катнашта өскөндүгүн, Россиянын өлкө ичинде жана тышында эрежелерди бузууну уланткандыгын эске салган Фон дер Лайен Европа Биримдиги менен АКШнын союздаш жана ишенимдүү өнөктөш катары кызматташууну күчтөндүрүшү керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар