Япониядагы Хонжо шаары түрк желектери менен кооздолду

Хонжо шаары, Олимпиаданын алкагында Японияга бара турган Паралимпиадалык таэквондо улуттук курама командасын кабыл алат.

1587284
Япониядагы Хонжо шаары түрк желектери менен кооздолду

Япониянын Хонжо шаары, июль айында өтөөрү күтүлүп жаткан Токио Олимпиадасы жана Паралимпиада оюндарынын алдында түрк желектери менен жабдылды.

Түркиянын Токиодогу элчилигинен алынган маалыматка караганда, Токио Олимпиадасынын алкагында Паралимпиадалык таэквондо улуттук курама командасынын спортчуларына кожоюндук кыла турган Хонжо шаары түрк желектери менен кооздолду.

Турнирден 5 ай мурун көчөлөрү түрк желектери менен кооздолгон Хонжо шаары, Олимпиаданын алкагында Японияга бара турган Паралимпиадалык таэквондо улуттук курама командасын кабыл алат.

Экинчи жагынан Хонжо, оюндардын алдында Япониянын конок шаарларын бириктирген иш-чарада өткөрүлө турган плакат конкурсуна да катышты.

Твиттерден жарыяланган билдирүүдө элчилик онлайн сынакта Хонжо шаарын колдоого чакырды.

Колдоо чакырыгына Твиттер аркылуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги да кошулду.



Тектеш кабарлар