Украина Россияга каршы санкция талап кылат

Украина Россиянын Крымдагы адам укуктарын бузгандыгына каршы Европа Биримдигинен жаңы санкцияларды талап кыларын жарыялады.

1587039
Украина Россияга каршы санкция талап кылат

Украина Россиянын Крымдагы адам укуктарын бузгандыгына каршы Европа Биримдигинен жаңы санкцияларды талап кыларын жарыялады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба видеконференция аркылуу өткөргөн пресс  - жыйынында 6 Крым татар түркүн Россиянын коопсуздук күчтөрүнүн камоого алышын 23 -  февралдагы БУУнун Башкы Ассамблеясына алып барышарын айтты.

Крымдагы адам укуктарын бузганына байланыштуу өткөн жылы да Европа Биримдигинен Россияга санкция салынышын талап кылышкандарын эске салган Кулеба  бул маселе боюнча катуу турушарын белгиледи.

Кулеба Россиянын Крымда адам укуктарын бузгандыгына байланыштуу Европа Биримдигинен санкция салууну талап кылышарын айтып, бул тууралуу документтерге кыска убакытта кол койорун белгиледи. «Европа Биримдигине бул талабыбызды кайрадан билдиребиз»,- деди Кулеба.

17 -  февралда Крымда Россиянын коопсуздук күчтөрү бир группа Крым татар түркүнүн үйүн тинтип, 6 кишини камоого алган.

 

 

 



Тектеш кабарлар