НАТО жыйыны аяктады

НАТОнун коргоо министрлери союздаштыктын Афганистандан чыгышы же бул өлкөдө болушу тууралуу чечим чыгарбастан, Ирактагы миссиясынын кеңейтилиши боюнча макулдашты.

1586635
НАТО жыйыны аяктады

НАТОнун коргоо министрлери союздаштыктын Афганистандан чыгышы же бул өлкөдө болушу тууралуу чечим чыгарбастан, Ирактагы миссиясынын кеңейтилиши боюнча макулдашты.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг  видеоконференция аркылуу өткөн жана Түркиянын атынан улуттук коргоо министри Хулуси Акар катышкан НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын экинчи жана акыркы күнүндөгү отурумунан кийин пресс – жыйын өткөрүлдү. Жыйында Афганистан менен Ирактагы миссиялардын каралганын белгилеген Столтенберг АКШ менен Талибандын ортосундагы келишим боюнча 1 -  майда Афганистандагы эл аралык аскерлердин чыгышы тууралуу чечим чыкпагандыгын айтты.

Афганистандагы тынчтык процессинин жай жүрүп жатканына карабастан колдошкондорун баса белгилеген  Столтенберг Ирак боюнча пикирлерин айтып төмөнкүлөрдү белгиледи : «Ирактын куралдуу күчтөрүнө терроризмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүү жана ДЕАШтын кайтып келишине жол бербөө үчүн НАТОнун Ирак миссиясын кеңейтүүнү чечтик. Биздин миссия 500 адамдан 4 000ге чейин көбөйөт. Машыктыруу иштерине  дагы көп Ирак мекемелери жана Багдаддан тышкаркы  аймактар да кирет».

НАТОнун Ирактын талабы боюнча Иракта экендигин жана ушундай чечим кабыл алгандыгын айткан Столтенберг : «Бул иштер Ирактын эгемендиги менен жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнүн негизинде жүргүзүлүүдө»,- деди.

Башкы катчы  өзгөчө Ирактагы миссиянын лидерлигинин Канададан Данияга өтөрүн айтты.



Тектеш кабарлар