Батыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1586657
Батыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү
MEKSIKA KORONAVIRUS3.jpg
koronavirüs1.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 452 миң 750дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 110 миллион 848 миңден, ал эми айыккандардын саны 85 миллион 796 миңден ашты.

Пандемиянын чордону АКШда адамдардын өлүмү 505 миң 309ге, жуктуруп алгандардын саны 28 миллион 523 миң 520га жетти.

Улуу Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 454 өлүм жана 12 миң 57 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 119 миң 387, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 4 миллион 83 миң 242ни түздү. Ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасын алган адамдардын саны 16 миллион 423 миңден ашты, алардын 573 миң 724нө вакцинанын экинчи дозасы сайылды.

Италияда эпидемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 347 адам көз жумуп каза болгондордун саны 94 миң 887ге жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны 13 миң 762ге көбөйүп 2 миллион 765 миң 412ге жогорулады.

Францияда Ковид-19дан акыркы 24 саатта 271 адам көз жумуп каза тапкандардын саны 83 миң 393тү түздү. Бир күндө 22 миң 501 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 536 миң 648ге жетти.

Испанияда Ковид-19дун айынан акыркы бир сутка ичинде 388 адамдын өлүмү менен жалпы сан 66 миң 704кө жогорулады. Ушул эле мезгилде жуктуруп алгандардын саны 14 миң 515 жаңы учур менен бирге 3 миллион 121 миң 687ге жетти. 



Тектеш кабарлар