Коронавирус батыш өлкөлөрүнүн айласын кетирүүдө

Батыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү.

1586079
Коронавирус батыш өлкөлөрүнүн айласын кетирүүдө
MEKSIKA KORONAVIRUS1.jpg
koronavirüs1.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 441 миң 360тан ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 110 миллион 453 миңге, айыккандардын саны 85 миллион 354 миңге жетти.

Пандемиянын чордону АКШда каза тапкандардын саны 502 миң 544төн, жуктуруп алгандардын саны 28 миллион 453 миң 526дан ашты. АКШ армиясында Ковид-19 вакцинасын алууну каалагандардын саны үчтөн экинин тегерегинде экени билдирилди. АКШнын Коргоо министрлиги, армиянын ичинде талапка жараша Ковид-19 вакцинасын таркатып жатканда, көптөгөн аскерлердин эмдөөдөн баш тарткандары көңүлдөрдү бурду.

Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 816 адам каза болуп, 12718 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 118 миң 933, ал эми ооруну жуктургандардын саны 4 миллион 71 миң 185ти түздү. Өлкөнүн Ковид-19га каршы эмдөөдөгү ийгилиги өлүмдү азайткандыгы белгиленди.

Италияда эпидемиядан улам акыркы 24 саатта 369 адамдын каза болушу менен жалпы сан 94 миң 540ка жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны болсо 12 миң 74кө көбөйүп 2 миллион 751 миң 657ге жогорулады. Италияда Африкада кайтып келген жана Ковид-19га чалдыккан бир адамда өлкөдө буга чейин болуп көрбөгөн мутация түрү аныкталды.

Францияда Ковид-19дан акыркы 24 саатта 311 адам көз жумуп жалпы сан 83 миң 122ни түздү. Бир күндө 25 миң 18 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 514 миң 147ге жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир суткада 337 адамдын өлүмү менен вирустан каза тапкандардын саны 66 миң 316га жогорулады. Ушул эле мезгилде 10 миң 829 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 107 миң 172ге жетти.

Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны Бразилияда 242 миң 90, Мексикада 177 миң 61, Колумбияда 57 миң 949, Аргентинада 50 миң 616, Перуда 44 миң 308, Чилиде 19 миң 659, Боливияда 11 миң 303кө жетти.



Тектеш кабарлар