Путин: «Парламенттик шайлоодо тышкы кийлигишүүлөргө жол бербейбиз»

Путин парламенттеги саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда өлкөсүндө күзүндө боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу билдирүү жасады.

1585517
Путин: «Парламенттик шайлоодо тышкы кийлигишүүлөргө жол бербейбиз»

Россиянын президенти Владимир Путин, быйыл өткөрүлө турган парламенттик шайлоодо өлкөнүн эгемендигине карата тышкы кийлигишүүлөргө жол бербей тургандарын билдирди.

 

Путин парламенттеги саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда, өлкөсүндө күзүндө боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу билдирүү жасады.

Бардык саясий партиялардын шайлоого кийлигишүүгө жол бербөөгө макул экендигин белгилеген Путин: «Биз бул шайлоону ар кандай чет элдик кийлигишүү аракеттеринен коргоого милдеттүүбүз. Россиянын эгемендигине карата кандайдыр бир сокку урууга жол бере албайбыз жана жол бербейбиз»,-деди.

Экинчи жагынан Путин, колдонуучулардын ар кандай платформаларга кирүүсүн чектеген IT компаниялардын иш-аракеттеринин олуттуу коркунуч жараткандыгын белгилеп, бул компаниялардын АКШда дагы ушундай эле аракеттерди жасаарын эскертти.

Россиянын лидери Путин: «Эгерде бул компаниялар өз өлкөлөрүндө ушундай мамиле кылышса, анда өздөрүн артыкчылыктуу көрүп башкаларга кандай мамиле жасашат? Бул олуттуу көйгөй. Албетте бул жөнүндө алдын ала ойлонушубуз керек»,-деди.

Орус оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда камакка алынгандан кийин оппозициячылдар социалдык тармактарда уруксатсыз нааразычылык акциясын уюштурган. Полициянын кийлигишүүсү менен үгүттөргө жол берилбеген соң оппозициячылдар өлкөдө 19-сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдана тургандарын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар