Аба жолу компаниялары Ковид - 19 вакциналарынын ташылышына колдоо көрсөтөт

Ковид  - 19 вакциналарынын глобалдык жеткиликтүүлүк программасы  COVAX колдоого алынат.

1585282
Аба жолу компаниялары Ковид  - 19  вакциналарынын ташылышына колдоо көрсөтөт

 Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду ЮНИСЕФ Ковид-19 вакциналарынын дүйнө жүзүнө бирдей таркатылышы үчүн авиа транспорттун алдыңкы аба жолу компаниялары менен биргеликте иш алып барат.

ЮНИСЕФтен берилген маалыматта 15тен ашуун аба жолу компаниясы менен түзүлгөн глобалдык логистикалык келишимде Ковид  - 19  вакциналарын, негизги дарылардын, медициналык аппараттар менен башка негизги материалдардын таркатылышына алдыңкылык берилери билдирилди.

Гуманитардык аба транспорту демилгесинин негизинде багыттары 100дөн ашуун өлкөнү камтыган аба жолу компанияларынын чогулушу менен Ковид  - 19 вакциналарынын адилеттүү түрдө таркалышын максат кылган Ковид  - 19 вакциналарынын глобалдык жеткиликтүүлүк программасы  COVAX колдоого алынат.

Аба жолу компаниялары медициналык материалдардын өткөрүлүшүнө алдыңкылык берүү менен бирге ысыктык өлчөмү жана коопсуздук сыяктуу чаралардын да көрүлөрү, муктаж болгон аймактарга кошумча транспорт колдоосу берилери баса белгиленди.

Ушул кезге чейин келишимге кол койгон аба жолу компанияларынын катарына AirBridgeCargo, Air France / KLM, Astral Aviation, Brussels Airlines, Cargolux, Cathay Pacific, Emirates Skycargo, Ethiopian Airlines, Etihad Airways, IAG Cargo, Korean Air, Lufthansa Cargo, Qatar Airways, SAUDIA , Singapore Airlines жана United Airlinesтын киргендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар