Вануатуда катуу жер титиреди

Жер титирөөдөн кийин цунами эскертүүсү берилген жок.

1584357
Вануатуда катуу жер титиреди

Тынч океандын түштүгүндөгү арал өлкө Вануатуда күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөө борбору (USGS) тарабынан жасалган билдирүүдө, Вануатунун баш калаасы Порт Вилада таңкы сааттарда 6,7 баллдык силкинүү сезилгени кабарланды.

Жердин 14 чакырым тереңдигинде катталган жана эпицентри Порт-Виладан 53 чакырым батышта болгон жер титирөөдөн кийин цунами эскертүүсү берилген жок.

Жер титирөөдө адам өмүрүнө зыян келбегени билдирилди. 



Тектеш кабарлар