ПКК Бабга кол салды

2019-жылдын 22-октябрында Түркия менен Орусиянын ортосунда жетишилген меморандумдун талабына ылайык бошотулушу керек болгон Манбиж районун ЙПГ/ПКК террористтери террордук кыймылдардын базасы катары колдонуусун улантууда.

1584146
ПКК Бабга кол салды

Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын Баб районуна миномет менен кол салуусунан бир жаран каза болуп, бир жаран жаракат алды.

2019-жылдын 22-октябрында Түркия менен Орусиянын ортосунда жетишилген меморандумдун талабына ылайык бошотулушу керек болгон Манбиж районун ЙПГ/ПКК террористтери террордук кыймылдардын базасы катары колдонуусун улантууда.

Түркиянын Куралдуу күчтөрү (2016-жылдын августу-2017-жылдын марты) жүргүзгөн «Евфрат калканы» операциясынын аймагындагы Бабдын чыгышында орун алган Ум Адесе жана Сүккерийе айылдарына Жикчил террордук уюм басып алуусу астындагы Манбижден миномет менен кол салды.

Ум Адеседеги биринчи аныктамалар боюнча кол салуудан бир жаран каза болуп, бир жаран жаракат алды.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан 8-февралда Баб районунун борборуна снаряд менен кол салуу болуп 3ү баладан турган 9 жаран жаракат алган.



Тектеш кабарлар