Ливия Египетке карата учак каттамдарын кайрадан баштайт

Ливия аба жолдору бир жылга жакын убакыттан кийин Триполиден Египетке каттамдарын кайрадан баштай тургандыгын жарыялады.

1584412
Ливия Египетке карата учак каттамдарын кайрадан баштайт

Ливия аба жолдору бир жылга жакын убакыттан кийин Триполиден Египетке каттамдарын кайрадан баштай тургандыгын жарыялады.

Ливия аба жолдорунун катчысы Мухаммед Канива Ливия аба жолдорунун бейшемби күнү Триполиден Александриядагы Бурж ел  -  Араб аэропортуна карата биринчи каттамын ишке ашырарын айтты.

Канива Ливиядан Бурж ел  -  Араб аэропортуна Триполиден жумасына эки жолу, Бенгазиден 3 каттамдын болушу пландалгандыгын маалымдады.

Египеттен бул тууралуу азырынча маалымат бериле элек.  

Ливия аба жолдору Мисратадан учкан учак өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилердин Бенгазиде эл аралык Бенина аэропортуна мажбурлоо менен кондурулгандан кийин 2019 -  жылы ноябрь айында Египетке каттамдарын токтоткон.

Ливия аба жолдоруна таандык Триполиден учкан бир учак да эки жылга жакын убакыттан кийин өткөн ужмада Бенина аэропортуна конду.



Тектеш кабарлар