Кеменин чөгүп кетишинен 60 адам каза болду

60 кишинин сөөгүнүн табылгандыгы, 300 кишинин куткарылгандыгы жана жүздөгөн адамдарды издөө-куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы билдирилди.

1584213
Кеменин чөгүп кетишинен 60 адам каза болду

Конго Демократиялык Республикасынын батышындагы Май-Ндомбе көлүндө бир кеменин чөгүп кетишинин натыйжасында 60 адам каза болду.

Гуманитардык жардам министри Стив Мбикайи Твиттер баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Май-Ндомбе көлүндө 700дөн ашуун жүргүнчү менен бара жаткан ашыкча жүктүү кеменин чөгүп кеткенин кабарлады.

Кырсыкка күнөөлүүлөрдүн мыйзам алдында жооп бере тургандыгын белгилеген Мбикайи, 60 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын, 300 кишинин куткарылгандыгын жана жүздөгөн адамдарды издөө-куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.

Өлкөдө өзгөчө мезгилдүү жаан-чачындар катуу болуп турган мезгилде катталган мындай кырсыктар, кемелердин эски болушунан жана ашыкча жүктөн улам келип чыгууда.

Асфальт жолдорунун жоктугунун себебинен өлкөнүн эли транспорт үчүн көбүнчө дарыялар менен көлдөрдү колдонушат.



Тектеш кабарлар