Израиль күчтөрү Батыш Шериадагы Хамас жетекчилерин камап жатат

Израиль күчтөрү оккупациялаган Батыш Шериада жашаган Хамас жетекчилерине карата операция жүргүзүп, Ясир Мансур менен Аднан Асфурду камоого алды.

1584591

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль аскерлери Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарында жашаган Мансур менен Асфурдун үйүн тинтишти. Андан кийин Хамастын Батыш Шериадагы негизги бул эки кишиси камоого алынды.

Хамас чөйрөлөрү Палестинада жакындап келе жаткан жалпы жана  президенттик шайлоого карата Израилдин акыркы учурларда Кыймылга каршы камоого алуу жана айыптоолорду көбөйтүшүнөн улам тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Израиль чалгындоосу акыркы жумаларда Хамастын Батыш Шериадагы бир топ жетекчилерин суракка чакырып, шайлоого катышпоо боюнча эскерткен.

Тектеш кабарлар