Иран менен Россия биргелешкен машыгуу баштады

Иран жана Россиянын деңиз флоту Араб деңизи жана Инди океанынын түндүгүндө биргелешкен аскердик машыгууну баштады.

1584571
Иран менен Россия биргелешкен машыгуу баштады

 Иран менен Россиянын деңиз флоту Араб деңизи жана Инди океанынын түндүгүндө биргелешкен аскердик машыгууну баштады.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда «Деңиздеги коопсуздук мууну» деп аталган машыгуу 2 күнгө созулат. Машыгуунун катчысы контр-адмирал Гулам Реза Техани  "Деңиз соода коопсуздугу үчүн коллективдик  кызматташтык" деген урааны менен башталган машыгуунун Индия океанынын түндүгүндө жана Араб деңизинде 17000 чакырымдык чоң аянтты камтыгандыгын айтты.

Эл аралык деңиз соодасынын коопсуздугунун күчтөндүрүлүшү, каракчылар менен күрөшүү, деңиз терроризми, издөө -  куткаруу боюнча маалымат бөлүшүү  жана тактикалык операцияларда тажрыйба алмашуу сыяктуу темалар машыгуунун негизги максаты.

Техани : «Бул машыгууга Иран армиясы менен Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын деңиз флотунун бөлүктөрү менен Россиянын  аскердик жана логистикалык жардам кемеси, бир тик учар катышууда»,- деди.

Техани : «Машыгууда деңизде өрткө кийлигишүү, кол салууга учураган бир кеменин куткарылышы, белгилүү буталарга ок атуу жана аба буталарына түнү ок атышуу машыгуулары сыяктуу тактикалык жана ыкчам машыгуулар болот»,- деп билдирди.

2019 -  жылы декабрь айында ошол эле аймакта Россия менен Кытайдын деңиз флоттору ушуга окшогон машыгуу өткөргөн.



Тектеш кабарлар