ДСУ AstraZenecaнын Ковид-19 вакцинасына уруксат берди

ДСУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус маалымат берди.

1584584
ДСУ AstraZenecaнын Ковид-19 вакцинасына уруксат берди

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) AstraZeneca тарабынан иштелип чыккан коронавирустук (Ковид-19) вакцинанын чукул арада колдонулушуна уруксат берилгенин жарыялады.

ДСУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус пресс-конференцияда: «Азыр бизде вакциналарды тез жеткирүү үчүн бардык аппараттар бар, бирок дагы деле болсо өндүрүштү көбөйтүшүбүз керек»,-деди.

AstraZeneca компаниясынын Kovid-19 вакцинасынын чукул арада колдонулушуна уруксат берилгендигин билдирген Гебреисус, вакциналардын Түштүк Кореядагы AstraZeneca-SKBio жана Индиянын Serum институту тарабынан чыгарылгандыгын айтты.

ДСУнун башкы директорунун орун басары др. Мариангела Симао, бүгүнкү күнгө чейин вакцинага мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр эми саламаттык сактоо кызматкерлерин жана элин эмдөөнү башташы мүмкүн деп билдирди.

AstraZenecaнын вакцинасы Улуу Британия, Индия, Аргентина жана Мексика баш болгон 50дөн ашуун өлкөдө жактырылган болчу.



Тектеш кабарлар