COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шайын оодарууда.

1584435
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
MEKSIKA KORONAVIRUS1.jpg
MEKSIKA KORONAVIRUS2.jpg
MEKSIKA KORONAVIRUS4.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 419 миң 662ден ашты. Вирус менен ооругандардын саны 109 миллион 706 миңди, ал эми айыгып кеткендердин саны 84 миллион 252 миңди түздү.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) каза тапкандардын саны 498 миң 203кө жетип, ооруга чалдыккандардын саны 28 миллион 317 миңден ашты. Өлкөдө Ковид-19 генетикасына окшош 7 башка мутациянын пайда боло баштаганы айтылууда.

Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде 528 адамдын өлүмү менен каза болгондордун жалпы саны 239 миң 773кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 32 миң 197 жаңы учур менен бирге 9 миллион 866 миң 710го жогорулады.

Мексикада бир күндө 450 адам көз жумуп, 3 миң 98 жаңы учур аныкталды. Өлкөдө Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 174 миң 657ге, илдетке чалдыккандардын саны болсо бир миллион 995 миңге жетти.

Улуу Британияда акыркы 24 сааттын ичинде вирустун айынан 230 адам каза болуп, 9765 жаңы учур катталды. Өлкөдө илдеттен каза тапкандардын саны 117 миң 396, ал эми ооруну жуктургандардын саны 4 миллион 47 миң 843тү түздү.

Италияда акыркы 24 саатта эпидемиядан улам 258 адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 93 миң 835ке жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны болсо 7 миң 351ге көбөйүп 2 миллион 729 миң 223кө жогорулады.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 412 адам каза болуп жалпы сан 82 миң 226ны түздү. Бир күндө 4 миң 376 жаңы учур катталып бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 469 миң 539га жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир суткада 234 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 65 миң 449га жогорулады. Ошол эле мезгилде ооруну жуктуруп алгандардын саны 11 миң 942 жаңы учур менен бирге 3 миллион 86 миң 286га жетти.

Аргентинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде 91 адам көз жумуп Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 50 миң 327ге, ал эми ооруга кабылгандардын саны 3 миң 259 жаңы учур менен бирге 2 миллион 29 миң 57ге жетти.

Колумбиянын Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, акыркы сутка ичинде 181 адам каза болуп жалпы сан 57 миң 786ны түздү. Акыркы сутка ичинде 3 миң 510 учур аныкталган өлкөдө, илдетке чалдыкандардын саны 2 миллион 198 миң 549га жетти.

Перунун Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы сутка ичинде 177 адам каза болуп, 1192 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адамдардын өлүмү 43 миң 880ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны бир миллион 238 миң 501ге жогорулады.

Чилинин Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 саатта 83 адамдын өлүмү менен Ковид-19дан каза тапкандардын саны 19 миң 624тү түздү. Ооруга кабылгандардын саны болсо 3 миң 333кө көбөйүп 779 миң 541ге жетти.

Боливиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 32 адам каза болуп, 412 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адамдардын өлүмү 11 миң 234кө, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 237 миң 144кө чейин жогорулады.



Тектеш кабарлар